⚡ШАШЫЛЫШ Шайлоо эрежеси өзгөрүп, миң агитаторго чекит коюлду

Дуровго чектөө киргени менен Telegramга тиешеси жок

/ Дүйнөдө / 3

Орусиянын Росфинмониторинг кызматы Telegramдын негиздөөчүсү Павел Дуровду* экстремисттик ишмердүүлүккө же терроризмге тиешеси бар деген маалыматтар камтылган адамдардын тизмесине киргизди. Анын аты расмий тизмеде №6895 болуп көрсөтүлгөн. Мекеме чечим Дуровго коюлган айыптын негизинде кабыл алынганын билдирди.

Бирок Росфинмониторинг Дуровго карата чектөөлөр Telegram компаниясына юридикалык жак катары жайылтылбай турганын түшүндүрдү. Демек, бул чечим мессенжерди автоматтык түрдө тыюуга, колдонуучулардын аккаунттарын жабууга же Telegramдын ишин токтотууга негиз болбойт. Ал үчүн өзүнчө расмий чечим талап кылынат.

Чектөөлөр биринчи кезекте Дуровдун Орусиядагы жеке каражаттарына жана мүлкүнө тиешелүү: каржы уюмдары анын активдерин тоңдуруп, көпчүлүк операцияларын чектөөгө тийиш.

*Павел Дуров Росфинмониторингдин тиешелүү тизмесине киргизилген.

Бөлүшүү https://infogo.kg/durovgo-chektoo-kirgeni-menen-telegramga-tieshesi-jok/