Дыйкандарга 81 сомдон жеңилдетилген күйүүчү май берилүүдө

/ Коом / 4

Кыргызстанда айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо программасынын алкагында дыйкандарды жеңилдетилген баадагы күйүүчү май менен камсыздоо уланууда.

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы №500-р тескемесине ылайык, республика боюнча жалпы 7 млн литр күйүүчү май литри 81 сомдон бөлүнгөн.

2026-жылдын 23-июлуна карата дыйкандарга 2 млн 744 миң 600 литр күйүүчү май таратылды. Анын эң көп көлөмү Нарын облусуна – 746,6 миң литр, Ысык-Көл облусуна – 596,8 миң литр жана Ош облусуна – 572,2 миң литр берилген.

Ошондой эле Жалал-Абад облусуна 359,5 миң литр, Чүй облусуна 236,3 миң литр, Баткен облусуна 189,3 миң литр жана Талас облусуна 43,7 миң литр күйүүчү май жеткирилди.

Учурда жеңилдетилген баадагы күйүүчү майдын калдыгы 4 млн 255 миң 400 литрди түзөт.

Министрлик билдиргендей, күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирүү иштери уланууда. Бул чара күзгү талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө, дыйкандардын өндүрүштүк чыгымдарын азайтууга жана агрардык тармакты колдоого багытталган.

Бөлүшүү https://infogo.kg/dyjkandarga-81-somdon-jenildetilgen-kujuuchu-maj-beriluudo/