Евразия экономикалык бирлиги менен Монголиянын ортосундагы убактылуу соода келишими күчүнө кирди. Документ Кыргызстанды кошкондо ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнө Монголиянын рыногуна жеңилдетилген шарттар менен товар чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Келишимге ылайык, тараптардын ар бири боюнча товарлардын 367 түрүнө карата бажы алымдары толугу менен жоюлат же төмөндөтүлөт. Тарифтик жеңилдиктер ЕАЭБ менен Монголиянын учурдагы товар жүгүртүүсүнүн 90 пайыздан ашыгын камтыйт.
Кыргызстан кайсы товарларды Монголияга чыгара алат?
Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, жеңилдетилген соода режими төмөнкү товарлардын экспорту үчүн кеңири мүмкүнчүлүк түзөт:
- сүт жана сүт азыктары;
- сыр, май жана йогурт;
- кант жана кондитердик азыктар;
- минералдык суу жана башка суусундуктар;
- эт жана канаттуулардын этинен жасалган продукциялар;
- өсүмдүк майы;
- жеңил жана жүк ташуучу автоунаалар;
- автобустар, атайын техника жана автотетиктер;
- металл буюмдары жана түтүктөр;
- полимерлер жана пластикалык продукциялар;
- дары-дармек, жер семирткич жана шиналар.
Бул тизмедеги азык-түлүк, суусундук, тигүү жана кайра иштетүү тармактары Кыргызстандагы ишкерлер үчүн өзгөчө кызыктуу болушу мүмкүн. Бирок товарларды Монголияга чыгарууда сапат стандарттары, ветеринардык жана фитосанитардык талаптар, сертификаттоо жана жеткирүү чыгымдары да эске алынышы керек.
Монголиядан кайсы товарлар келиши мүмкүн?
Монголиялык өндүрүүчүлөр да ЕАЭБ рыногуна жеңилдетилген шарттар менен товар жөнөтө алышат. Алардын арасында жылкы, уй жана кой эти, эт консервалары, сүт азыктары, жүн, жип, трикотаж жана текстиль кийимдери бар.
Келишим канча убакытка түзүлдү?
Убактылуу соода келишими алгач үч жылга түзүлгөн. Тараптар макулдашкан учурда анын мөөнөтүн дагы үч жылга узартууга болот. ЕЭКтин эсеби боюнча, тарифтик жеңилдиктер ЕАЭБ компанияларына бажы төлөмдөрүнөн жылына 100 миллион долларга чейин үнөмдөөгө шарт түзүшү мүмкүн.
Келишим 2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында кол коюлган. Кыргызстандын атынан документке Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кол койгон.
Жаңы соода режими Кыргызстандагы экспорттоочулар үчүн кошумча рынок ачканы менен, анын реалдуу натыйжасы ишкерлердин Монголиядагы өнөктөштөрдү табуусуна, продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө жана логистикалык чыгымдарга жараша болот.