«Эдунун кырк чоросу» аталган видеодогу «Лизун» эки айга камалды

/ Кылмыш жана кырсык / 6

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Лизун» каймана аты менен белгилүү С.У. аттуу жаранды коррупция иши боюнча камакка алды.

Соттун маалыматына ылайык, 4-августта Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын өтүнүчү канааттандырылып, шектүү 15-октябрга чейин №1 тергөө абагына киргизилди.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектелүүдө.

С.Унун кармалганы 6-августта белгилүү болгон.

Буга чейин анын каймана аты УКМКнын Бишкек шаары боюнча мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков кармалгандан кийин социалдык тармактарга тараган видеолордо аталган. Андагы авторлор бир катар спортчуларды, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин, ишкерлерди жана башка адамдарды шарттуу түрдө «Эдунун кырк чоросу» деп атаган. Алардын арасында «Лизун» да көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда видеолордо аталган адамдардын кайсы бир топко тиешеси бар экени расмий түрдө тастыкталган эмес.

Буга чейин бул иштин алкагында Элдар Жакыпбеков, Республикалык спорт колледжинин директору Айбек Ташматов, Балыкчы ШИИБинин мурдагы башчысы Чыңгыз Төкөлдөшев жана «Пито», «Вазелин» каймана аттары менен белгилүү УКМКнын мурдагы кызматкерлери да кармалган.

Тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүү https://infogo.kg/edunun-kyrk-chorosu-atalgan-videodogu-lizun-eki-ajga-kamaldy/