Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров тергөөнүн мөөнөтү аяктаганга чейин ГКНБнын СИЗОсуна камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди.
Соттун маалыматына караганда, Кадыров 20-ноябрга чейин камакта болот.
Азамат Кадыров Бишкек шаарынын вице-мэри кызматын 2023-жылдын ноябрынан тартып аркалап, жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелерин көзөмөлдөгөн. Ал 2026-жылдын июнь айында кызматтан кеткен.
Кадыровго карата кандай айып коюлуп жатканы азырынча расмий маалымдала элек.