⚡ШАШЫЛЫШ Шайлоо эрежеси өзгөрүп, миң агитаторго чекит коюлду

«Элди ген эмес, тарых бириктирет». Текебаев ДНКсын Германияда изилдетүүдө

/ Медицина / 10

Саясатчы Өмүрбек Текебаев Германиядагы Любек университетинин генетика лабораториясында Y-хромосоманы терең изилдөө үчүн ДНКсынын үлгүсүн тапшырганын Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бул кадам кыргыз элинин этногенезин жана уруулардын тарыхын илимий негизде изилдөөгө салым кошууга багытталган.

Текебаев белгилегендей, өзү таандык болгон мундуз уруусу сыяктуу эле кыргыздын көпчүлүк ири уруулары дүйнөлүк генетикалык маалымат базаларында дээрлик чагылдырылган эмес. Мындай терең изилдөөлөр ар бир уруунун генетикалык түзүлүшүн жана миңдеген жылдарга созулган тарыхын тактоого жардам берет.

«Азырынча кайсы гаплогруппага таандык экенимди билбейм. Бирок жыйынтык кандай чыкпасын, мен кыргыз бойдон калам. Анткени элди ген гана эмес, жалпы тарых, тил, маданият жана салт бириктирет», – деп жазган ал.

Ошондой эле саясатчы мундуз уруусунун өкүлдөрүн жана башка кыргыз урууларынын мүчөлөрүн генетикалык изилдөөлөргө катышууга чакырып, мындай маалыматтар кыргыз элинин келип чыгышын жана этногенезин тереңирээк изилдөөгө өбөлгө болорун белгиледи.

Текебаевдин маалыматына ылайык, изилдөө Германиядагы Любек университети менен Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматташтыгынын алкагында жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Любек университетинин делегациясы Кыргызстанга келип, илим, медицина жана билим берүү тармагындагы жаңы биргелешкен долбоорлорду талкуулоону пландап жатат.

Бөлүшүү https://infogo.kg/eldi-gen-emes-taryh-biriktiret-tekebaev-dnksyn-germaniyada-izildetuudo/