ФИФА күйөрмандардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугундагы эң кооз голду аныктады.
Жеңүүчү болуп Кабо-Верде курамасынын коргоочусу Сидни Лопеш Кабрал табылды. Анын Аргентинага каршы 1/16 финалда киргизген голу турнирдин эң мыкты голу деп тандалды.
Оюндун 103-мүнөтүндө Кабрал айып аянтчанын бурчунан күчтүү сокку узатып, топту Эмилиано Мартинестин дарбазасынын жогорку бурчуна киргизип, эсепти 2:2ге теңеген.
Бирок кошумча убакытта Аргентина дагы бир гол киргизип, 3:2 эсебинде жеңишке жеткен.
Добуш берүүдө экинчи орунду Өзбекстандын курамасынын капитаны Элдор Шомуродов ээледи. Анын Конго Демократиялык Республикасына каршы тайпалык баскычтагы голу буга чейин Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабындагы эң мыкты гол деп табылган.
Эң кооз гол күйөрмандардын ФИФАнын расмий сайтындагы добуш берүүсүнүн негизинде аныкталды.