Кыргызстанда ар бир жаран гепатит В вирусуна каршы акысыз эмдөөдөн өтө алат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору билдирди.
Эмдөө алуу үчүн жаран жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылып, экспресс-тестке жолдомо алышы керек.
Эгер анализде гепатит В вирусу аныкталса, эмдөө жүргүзүлбөйт. Вирус табылбаса, жаран эмдөөгө жөнөтүлөт.
Экспресс-тест жана вакцина алуу акысыз жүргүзүлөт. Толук эмдөө курсунан кийин организмде кеминде 10 жыл сакталуучу туруктуу иммунитет калыптанат.
Адистер белгилегендей, вакцина гепатит В вирусунан, анын ичинде кан аркылуу жугуучу стоматологиялык процедуралар, маникюр жана башка учурлардагы коркунучтардан коргонууга жардам берет.