Индия Кыргызстанга онкологиялык бейтаптарды дарылоочу жаңы радиоактивдүү булак берди

/ Медицина / 8

Индия Кыргызстанга онкологиялык ооруларды дарылоодо колдонулуучу жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын өткөрүп берди. Ал Улуттук онкология жана гематология борборундагы «Бабатрон» аралыктан нур менен дарылоо аппаратына орнотулат.

Жабдууну расмий тапшыруу аземине Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав катышты. Жаңы булак «Бабатрон» аппаратынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздап, онкологиялык бейтаптар үчүн нур терапиясынын жеткиликтүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет.

Кобальт-60ты жеткирүү маселеси бир жыл мурда эле көтөрүлгөн. 2025-жылы Индия тарап радиоактивдүү булакты Кыргызстанга акысыз берүүгө даяр экенин билдирип, аны ташып келүү маселеси талкууланып жаткан.

Күнүнө жүздөгөн бейтап дарыланат

Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуевдин айтымында, учурда борбордогу нур терапиясы үчүн колдонулган бардык аппараттар иштеп жатат.

Борбордо:

— эки сызыктуу тездеткичте күнүнө 160ка жакын бейтап;
— «Бабатрон» аппаратында күнүнө 120га чейин бейтап;
— «Терад» аппаратында 25ке жакын бейтап;
— брахитерапиялык жабдууларда дагы 40ка жакын бейтап дарыланары пландалууда.

Жабдууларды оңдоого жана тейлөөгө каражат бөлүнөт

Мамлекет онкологиялык борбордогу кымбат жана жогорку технологиялык жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүүдө.

Сызыктуу тездеткичтерди оңдоого 4 миллион сом, керектүү тетиктерди сатып алууга 31 миллион сом каралган. Ал эми 2027-жылдан тартып нур терапиясы жабдууларын техникалык тейлөөгө жыл сайын болжол менен 18 миллион сом бөлүү пландалууда.

Бул каражат жабдууларды өз убагында тейлөөгө жана техникалык мүчүлүштүктөрдү ыкчам оңдоого жумшалат.

Индия тарап Кобальт-60 булагынын натыйжалуу пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин аны кайрадан өз убагында алмаштырууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул «Бабатрон» аппаратынын келечекте да үзгүлтүксүз иштешине шарт түзөт.

Кыргызстан менен Индиянын саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгы онкологиялык кызматты өнүктүрүү, медициналык адистерди даярдоо, заманбап технологияларды киргизүү жана медициналык инфраструктураны жаңылоону да камтыйт.

Бөлүшүү https://infogo.kg/indiya-kyrgyzstanga-onkologiyalyk-bejtaptardy-daryloochu-jany-radioaktivduu-bulak-berdi/