“Инимди сабап өлтүрүштү” деген кайрылуу: Ак-Сууда 5 шектүү аныкталды

/ Кылмыш жана кырсык / 6

Социалдык тармактарда тараган жарандык кайрылуудан кийин Ак-Суу районундагы жигиттин өлүмү боюнча маалымат текшерүүгө алынды.

Буга чейин маркумдун тууганы иниси бир нече адам тарабынан сабалып, каза болгонун айтып, президенттен соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын көзөмөлдөөнү суранган.

Милициянын маалыматына ылайык, 2003-жылы туулган жаран 29-июнда Бишкектеги медициналык борбордо каза болгон. Ал Мамлекеттик күзөт кызматында күзөтчү болуп иштеп келген. Алдын ала маалымат боюнча, ал кызмат учурунда эсин жоготуп кулап, каза болгон.

Маркумдун денесин кароодо оор жаракаттар аныкталган эмес. Бирок көкүрөк тушундагы көгөргөн жана сыйрылган тактар боюнча соттук экспертизалар дайындалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 12-июнга караган түнү Ак-Суу районундагы айылдардын биринде жаранга карата күч колдонулганы аныкталган. Окуяга тиешеси бар 5 адам аныкталып, алар Ак-Суу районунун тургундары экени белгилүү болгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүү https://infogo.kg/inimdi-sabap-olturushtu-degen-kajryluu-ak-suuda-5-shektuu-anyktaldy/