⚡ШАШЫЛЫШ Шайлоо эрежеси өзгөрүп, миң агитаторго чекит коюлду

Жапаров, Алиев, Мирзиёев жана Рахмон Ысык-Көлдө гольф ойношту

/ Бийлик / 3

Бүгүн, 30-июлда, Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клубдун салтанаттуу ачылыш аземи болду. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Кыргызстандын лидери өз сөзүндө спорт улуттун саламаттыгынын, ошондой эле мамлекеттин интеллектуалдык жана маданий өнүгүүсүнүн деңгээлин аныктаган эң маанилүү тармактардын бири экенин белгиледи.

Ошондуктан Кыргызстанда спорттук инфратүзүмдү жандандырууга, кеңейтүүгө, эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы объектилерди курууга жана эң башкысы калктын бардык катмары үчүн спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн өзгөчө көңүл бурулуп келет. “Өлкөбүздүн спорттук жана туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүдөгү дагы бир орчундуу кадам катары касиеттүү көл кылаасында эл аралык талаптарга жооп берген заманбап гольф-клубдун ачылышы туруктуу өнүгүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын үзүрү болуп саналат”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал өлкөбүздүн ажайып кооз жаратылышы, өзгөчө кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү мындай долбоорлорду ишке ашырууга бардык шарттарды түзөрүн айтты. Мындан улам, туризм экономиканын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары каралат. Ал өз сөзүндө мамлекет мындан ары да спорт тармагын өнүктүрүү, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфраструктураны түзүү жана Кыргызстандын дүйнөлүк спорттук мейкиндиктеги ордун чыңдоо боюнча ишти ырааттуу улантарын белгиледи.

“Жакынкы келечекте бул гольф-клуб эл аралык турнирлерди өткөрүүчү абройлуу борборлордун бирине айланарына, Кыргызстанды дүйнөлүк гольф картасында таанытууга олуттуу салым кошоруна үмүтүм чоң. Азыр биз катардагы эле жаңы спорт объектисин пайдаланууга берип жаткан жерибиз жок. Бүгүнкү спорттук жаңылык – Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейип жаткандыгынын, туризм тармагынын өнүгүшүнүн дагы бир айкын далили”, — деп жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Бул гольф-клуб мамлекетибиздин, жалпы журтубуздун кызыкчылыгына узак жылдар бою кызмат кылышына, өлкөбүздүн өркүндөп-өсүүсүнө татыктуу салым кошуусун тилек кылды. Салтанаттын соңунда мамлекет башчылары алгачкы символикалык сокку жасап, гольф-резортту расмий ачышты.

 

Бөлүшүү https://infogo.kg/japarov-aliev-mirziyoev-jana-rahmon-ysyk-koldo-golf-ojnoshtu/