⚡ШАШЫЛЫШ Шайлоо эрежеси өзгөрүп, миң агитаторго чекит коюлду

Жапаров менен Мирзиёев Бишкекте сүйлөшүү өткөрөт

/ Бийлик / 8

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев 30-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин бетме-бет жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү өтөт.

Жолугушуулардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Расмий маалыматка ылайык, Мирзиёевдин мамлекеттик сапары кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөөгө жана эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.

Бөлүшүү https://infogo.kg/japarov-menen-mirziyoev-bishkekte-sujloshuu-otkorot/