Кыргызстанда окуучу жана студенттер арасында электрондук тамекилерди колдонуу алкоголдон ашып, биринчи орунга чыкты.
Бул маалымат Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун улуттук онлайн-скринингинин жыйынтыгында белгилүү болду.
Изилдөөгө 13 миң 220 мектеп окуучусу жана студент катышкан. Сурамжылоо өспүрүмдөр арасында психоактивдүү заттарды колдонуу тобокелдигин баалоого арналган эл аралык CRAFFT анкетасынын негизинде жүргүзүлгөн.
Жыйынтыкка ылайык, орус тилдүү катышуучулардын арасында электрондук тамеки жана ысытылган тамеки системаларын колдонгондор 9,7%ды түзгөн. Ал эми алкоголду колдонгондор — 9%, насвай колдонгондор — 4,4% болгон.
Кыргыз тилдүү өспүрүмдөр арасында алкоголду колдонуу 4,2%, электрондук тамеки — 3,6%, насвай — 3,2% көрсөткүчүндө катталган.
Адистердин айтымында, никотин камтыган жаңы продукциялар өспүрүмдөр арасындагы көз карандылыктын түзүмүн өзгөртүүдө.
Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын 5%га жакыны мас абалында унаа башкарганын же мас айдоочу башкарган унаага түшкөнүн билдирген.
Адистер шаарларда электрондук тамекинин жайылышын алдын алуу иштерин күчөтүүнү, ал эми аймактарда алкоголдук ичимдик жана насвай колдонууга каршы профилактиканы күчөтүүнү сунушташты.