Кыргызстанда этти ортомчусуз түз сатуу жана бааны кармап туруу үчүн агрохолдингдин алкагында малдын санын 10 миң башка чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Эрлист Акунбеков Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, алгачкы этапта этти социалдык баада сатуу үчүн фудкарттар ачылган. Эми экинчи этапта өндүрүүчү менен керектөөчүнүн ортосундагы ортомчулардын санын азайтуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Эрлист Акунбеков эт интервенциясын жүргүзүү үчүн агрохолдингдин курамында өзүнүн мал чарбасын түзүү пландалып жатканын белгиледи. Учурда чарбада 600 баш мал бар. Аны 10 миң башка жеткирүү жана тиешелүү жайларды куруу максатталууда.
Долбоор ишке ашса, этти түздөн-түз базарга жеткирүү аркылуу ортомчуларды кыскартып, калк үчүн эттин баасын жеткиликтүү деңгээлде кармоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.