⚡ШАШЫЛЫШ Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт

Каржылоо азайса, ВИЧ эпидемиясы кайра күчөшү мүмкүн

/ Дүйнөдө / 1

ВИЧке каршы глобалдык программаларды каржылоо мындан ары да кыскара берсе, дүйнөдө эпидемия кайра күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасы — UNAIDS жаңы баяндамасында эскертти.

Уюмдун маалыматына ылайык, ВИЧке каршы күрөшүүгө багытталган эл аралык каржылоо 2024-жылдагы 8,8 миллиард доллардан 2025-жылы 7,3 миллиард долларга чейин азайган. Бул — 18 пайыздык төмөндөө жана акыркы жыйырма жылга жакын убакыттагы эң төмөнкү көрсөткүч.

2025-жылы 1,2 миллион адам ВИЧ жуктурган

Өткөн жылы дүйнө жүзүндө дагы 1,2 миллион адам ВИЧ жуктуруп, СПИДге байланышкан оорулардан 570 миң адам каза болгон.

2025-жылдын аягында ВИЧ менен жашаган адамдардын саны 41 миллионго жеткен. Алардын 32,1 миллиону антиретровирустук терапия алып турган. Демек, 9 миллионго жакын адам керектүү дарылоого жеткен эмес.

Балдар арасындагы абал өзгөчө тынчсыздануу жаратууда. ВИЧ менен жашаган 14 жашка чейинки балдардын болгону 55 пайызы гана дарылоо алган. Башкача айтканда, алардын дээрлик жарымы өмүрүн сактап калуучу терапиядан сыртта калган.

Айрым аймактарда инфекция көбөйүүдө

Жалпы дүйнөлүк көрсөткүчтөр мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайганы менен, бардык аймактарда абал бирдей эмес.

2025-жылы ВИЧти жаңы жуктуруу учурлары дүйнөнүн үч чөлкөмүндө жана 21 өлкөдө көбөйгөн. Инфекциянын өсүшү Чыгыш Европа менен Борбор Азияда, Латын Америкасында, Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада өзгөчө байкалууда.

Жардамдын кыскарышы программаларды алсыратууда

2025-жылы дүйнөлүк өнүктүрүүгө багытталган эл аралык жардамдын көлөмү 23 пайызга азайган. UNAIDS муну тарыхтагы эң кескин төмөндөө деп атады.

Каржылоонун кыскарышы ВИЧти аныктоо, алдын алуу, дары-дармек менен камсыздоо жана калктын аялуу катмарлары менен иштөө программаларына түздөн-түз таасир этүүдө. Айрым өлкөлөрдө презервативдерди сатып алууга бөлүнгөн каражат 90 пайыздан ашык азайган.

Айрыкча Африканын кирешеси төмөн жана карызы көп мамлекеттери эл аралык жардамга көз каранды. Алардын айрымдарында ВИЧке каршы программалардын 90 пайыздан ашыгы тышкы каражаттын эсебинен каржыланат.

2030-жылга чейин дагы миллиондогон адам жуктурушу мүмкүн

UNAIDSтин эскертүүсүнө ылайык, өлкөлөр шашылыш чараларды көрүп, каржылоону калыбына келтирбесе, 2030-жылга чейин дагы 3 миллиондон ашык адам ВИЧ жуктурушу мүмкүн.

Ошол эле учурда уюм эпидемияны токтотууга мүмкүнчүлүк дагы бар экенин белгилейт. 2030-жылга коюлган максаттар толук аткарылса, кошумча 3,2 миллион жаңы инфекциянын жана 1,3 миллион өлүмдүн алдын алууга болот.

UNAIDS мамлекеттерди саламаттык сактоого инвестицияны көбөйтүүгө, алдын алуу программаларын сактоого жана ВИЧ менен жашаган адамдарды үзгүлтүксүз дарылоо менен камсыздоого чакырды.

Бөлүшүү https://infogo.kg/karjyloo-azajsa-vich-epidemiyasy-kajra-kuchoshu-mumkun/