Каспийдеги кырсык: Коргоо министри каза болгон жоокерлердин жакындарына барып, көзүнө жаш алып кечирим сурады

/ Дүйнөдө / 8

Казакстандын коргоо министри Даурен Косанов Каспий деңизинде каза болгон аскер кызматкерлеринин жакындарына барып, көңүл айтты.

Казакстандын Мангистау облусунда 24-сентябрда аскер-деңиз күчтөрүнүн машыгуусу учурунда 17 аскер кызматкерин деңиз агымы алып кеткен. Алардын үчөө куткарылып, 14ү каза болгон.

Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Косанов каза болгон Мейрамбек Бердиханов, Азамат Мадихан, Дастан Бегей жана Мирас Тұрдыбекұлынын үй-бүлөлөрүнө барып, жакындарына колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Буга чейин, 25-сентябрда, министр кырсык боюнча алгачкы ирет коомчулукка кайрылып, аскер жетекчилиги жоопкерчиликтен качпай турганын айткан.

Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, Коргоо министрлигинин системасындагы беш кызмат адамы кармалганы маалымдалды. Тергөөнүн алкагында кызматка шалаакы мамиле кылуу жана кеме башкаруу эрежелерин бузуу фактылары иликтенүүдө.

Бөлүшүү https://infogo.kg/kaspijdegi-kyrsyk-korgoo-ministri-kaza-bolgon-jookerlerdin-jakyndaryna-baryp-kozuno-jash-alyp-kechirim-surady/