Казакстанда аскерлердин каза болушуна байланыштуу аза күтүү күнү жарыяланды

/ Дүйнөдө / 9

Казакстанда бүгүн, 25-сентябрда, Маңгыстау облусунда кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон аскер кызматкерлерине байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү күнү өтүп жатат.

Маалыматка караганда, 24-сентябрда аскер-деңиз машыгуусунда жээкте окуу-күжүрмөн тапшырмаларды аткарып жаткан аскер кызматкерлерин Каспий деңизине катуу шамал алып кеткен.

Алгач деңизге 19 аскер кызматкери түшүп кеткени айтылган. Кийин Маңгыстау облусунун акимчилиги алардын саны 17 болгонун тактаган.

Учурда 12 аскер кызматкери каза болгону, үчөө куткарылганы маалым. Куткарылгандардын бири ооруканада жатат. Калган аскерлерди издөө иштери уланууда.

Окуянын себептерин аныктоо үчүн өкмөттүк комиссия түзүлүп, аны премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаев жетектеди. Аскер кызматкерлеринин каза болушу боюнча сотко чейинки тергөө иштери да башталды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президентине көңүл айтты.

Бөлүшүү https://infogo.kg/kazakstanda-askerlerdin-kaza-bolushuna-bajlanyshtuu-aza-kutuu-kunu-jaryyalandy/