Көчмөндөр оюндарынын айрым иш-чараларына кирүүгө 1 миң сомдон акы төлөнөт

/ Коом / 31

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын айрым иш-чараларына кирүү үчүн билет талап кылынат. Анын баасы 1 миң сомдон башталат. Бул тууралуу Маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Акы төлөнүүчү иш-чаралар «Рух-Ордо» борборунда, Бостери айылында жана «Дордой Номад» комплексинде өтөт.

Мындан тышкары, ат майдандагы кечки концерттерге, көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык оюндарга да билет менен кирүүгө болот.

Ал эми оюндардын жабылуу аземине билеттер 1 миңден 5 миң сомго чейин сатылат.

Кырчын жайлоосунда өтө турган иш-чараларга кирүү акысыз. Жеке унаалар киргизилбейт. Коноктор үчүн атайын токтотмо жайлар уюштурулуп, ал жерден Кырчынга акысыз шаттлдар каттайт.

Бөлүшүү https://infogo.kg/kochmondor-oundarynyn-ajrym-ish-charalaryna-kiruugo-1-min-somdon-aky-tolonot/