Кыргыз-Орус экономикалык форумунда $800 млндук келишимдер түзүлдү

/ Экономика / 24

Ысык-Көлдө өткөн Кыргыз-Орус экономикалык форумунда жалпы суммасы болжол менен $800 млн болгон 45ке жакын документке кол коюлду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков «Биринчи радиого» билдирди.

Форум 5-7-август күндөрү өтүп, ага мамлекеттик органдардан, бизнестен жана эксперттик чөйрөдөн 1000ден ашык өкүл катышты.

Кол коюлган документтердин сегизи Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын ортосундагы кызматташтыкка тиешелүү.

Келишимдердин басымдуу бөлүгү энергетика, өнөр жай, логистика жана айыл чарба тармагындагы инвестициялык долбоорлорду камтыйт.

Быйылкы форумга Россиянын 12ден ашык аймактык делегациясы катышты. Алардын бешин Россиянын субъекттеринин жетекчилери жетектеп келген.

Новиковдун айтымында, форум эми жөн гана ниеттерди билдирген аянтча болбостон, конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун механизмине айланып баратат.

Бөлүшүү https://infogo.kg/kyrgyz-orus-ekonomikalyk-forumunda-800-mlnduk-kelishimder-tuzuldu/