Кыргызстан жана Өзбекстан Нетаньяхунун БУУдагы сөзү учурунда залдан чыгып кеткен

/ Коом / 5

Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху сөз сүйлөп жаткан учурда залдан чыгып кетишкен.

Бул тууралуу видеожазууларды талдаган Түркиянын Anadolu агенттиги билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, Нетаньяхунун сөзүн угууга дээрлик 70 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан эмес. Алардын арасында Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Палестина, Иран, Сауд Арабиясы, Катар, Иордания, Индонезия жана Тажикстан бар.

Ошол эле учурда Казакстан менен Азербайжандын өкүлдөрү залда калган. АКШ, Германия, Улуу Британия, Франция, Кытай, Канада жана Австралиянын делегациялары да сөздү угушкан.

Нетаньяху трибунага чыкканда делегациялардын бир бөлүгү залдан чыгып кеткен. Ал өз сөзүнүн башында бул көрүнүшкө реакция кылып, андан соң сөзүн уланткан.

Бөлүшүү https://infogo.kg/kyrgyzstan-jana-ozbekstan-netanyahunun-buudagy-sozu-uchurunda-zaldan-chygyp-ketken/