Кыргызстанда 3,4 магнитудалык жер титирөө катталды

/ Коом / 38

Кыргызстанда 15-августта саат 12:28де магнитудасы 3,4 болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Койлуу-Тоо тоолорунда, Май-Саз айылынан 17 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Очогунда жер титирөөнүн күчү 12 баллдык MSK-64 шкаласы боюнча болжол менен 3 баллды түзгөн.

Ал эми Май-Саз айылында силкинүүнүн күчү 2,5 балл болгон.

Бөлүшүү https://infogo.kg/kyrgyzstanda-34-magnitudalyk-jer-titiroo-kattaldy/