⚡ШАШЫЛЫШ Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт

Кыргызстанда алты айда 345 адам жол кырсыгынан каза болду

/ Коом / 3

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–июнь айларында 2 184 жол кырсыгы катталды. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41,4 пайызга аз экенин Улуттук статистика комитети билдирди.

Алты ай ичинде автокырсыктардан 2 967 адам жабыркаган. Жаракат алгандардын саны былтыркыга салыштырмалуу 45,3 пайызга төмөндөдү.

Ошол эле учурда жол кырсыктарынан 345 адам каза болду. Бул көрсөткүч 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу болгону 0,3 пайызга азайган.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь–июнь айларында өлкөдө:

— 3 729 жол кырсыгы катталган;
— 5 427 адам жабыркаган;
— 346 адам каза болгон.

Демек, жол кырсыктарынын жана жабыркагандардын саны кыйла кыскарганы менен, адам өлүмүнүн көрсөткүчү дээрлик өзгөргөн эмес.

Кырсыктардын көбү Бишкекте катталды

Автокырсыктардын эң көп саны Бишкек шаарында болгон. Андан кийинки орундарда Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустары турат.

Алты айда 50 бала каза болду

Жашы жете электер катышкан 608 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 пайызга аз.

Балдар катышкан кырсыктардын кесепетинен:

— 50 бала каза болду;
— 676 бала жаракат алды.

Мас айдоочулар 105 жол кырсыгын жасаган

Алты ай ичинде мас абалындагы айдоочулардын күнөөсү менен 105 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 43,2 пайызга төмөндөгөн.

Мындай кырсыктардын кесепетинен 22 адам каза болуп, дагы 143 адам ар кандай жаракат алган.

Статистика жалпы жол кырсыктары азайып жатканын көрсөткөнү менен, каза болгондордун саны дээрлик мурдагы деңгээлде калганын көрсөтүүдө.

Бөлүшүү https://infogo.kg/kyrgyzstanda-alty-ajda-345-adam-jol-kyrsygynan-kaza-boldu/