21-июлда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде CYBERFINANCE 2026 форуму өттү. Ага банктардын, IT-компаниялардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттерден турган 120дай адам катышты.
Иш-чарада фишинг, маалыматтардын сыртка чыгып кетиши, санариптик төлөмдөрдөгү алдамчылык жана криптовалюта аркылуу акча чыгаруу схемалары талкууланды.
Банктар коркунучтар тууралуу маалымат бөлүшөт
Улуттук банктын өкүлдөрү киберкоопсуздук техникалык гана эмес, экономикалык туруктуулукка байланышкан маселе экенин белгилешти.
Финансылык уюмдардын ортосунда киберкоркунучтар тууралуу ыкчам маалымат алмашуу системасы түзүлүүдө. Анда кардарлардын жеке маалыматтары же банктык сыр эмес, чабуулдарды аныктоого жардам берген техникалык белгилер гана берилет.
Эксперттер алдамчылар көбүнчө башка адамдардын банктык эсептерин жана криптокапчыктарын пайдалана турганын эскертишти. Мындай схемаларга катышкан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Студенттер хакердик чабуулдарды токтотушту
Форумдун алкагында студенттер жана банк кызматкерлери үчүн Capture the Flag сынагы өткөрүлдү. Катышуучулар системалардагы кемчиликтерди таап, шарттуу киберчабуулдарды токтотушту.
Биринчи орунга 100 миң, экинчи орунга 80 миң, үчүнчү орунга 60 миң сом берилди. Үчүнчү орунду КМТУнун студенттеринен түзүлгөн «ПОКС-1» командасы ээледи.