Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлөт. Президент Садыр Жапаров шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизген конституциялык мыйзамга 29-июлда кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2026-жылдын 24-июнунда кабыл алган.
Жаңы тартипке ылайык, президенттик шайлоо мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өтөт. Ушуга байланыштуу кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленди. Буга чейинки тартип боюнча шайлоо 30-январда өтмөк.
Шайлоо күнү акы төлөнүүчү дем алыш болот
Мыйзамда президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күндөрү иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан, кызматкерлер үчүн эмгек акысы сакталган дем алыш күн болуп эсептелери белгиленди.
Парламенттин кезектеги шайлоосу болсо учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү аяктаган айдын шаршемби күндөрүнүн биринде өткөрүлөт.
Талапкерлер шайлоо фондун алдын ала түзөт
Президенттикке же депутаттыкка талапкер болууну каалаган жарандар жана саясий партиялар документтерин тапшыруудан мурда шайлоо фондун түзүүгө милдеттүү болушат.
Шайлоо төгүмү да ушул фонддун каражатынан төлөнөт. Төлөм жүргүзүлгөнүн ырастаган банктык документ берилбесе, талапкердин же саясий партиянын документтери талапка жооп бербейт деп табылып, кайра кайтарылат.
Шайлоо фондун түзүү, ага түшкөн каражаттарды жана чыгымдарды эсепке алуу тартибин Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.
Кол топтоо санарип форматка өтөт
Жаңы өзгөртүүлөр талапкерлерге кол топтоону эки жол менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет:
— булуттук санарип кол тамгасы аркылуу электрондук форматта;
— кагаз түрүндөгү кол коюу баракчалары аркылуу.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.