Кыргызстандын Кытай алдындагы тышкы карызы 1,4 миллиард долларга чейин азайды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин өлкөнүн Кытайга болгон карызы 1,9 миллиард долларды түзгөн.
Натыйжада акыркы жылдары Кыргызстан Кытай алдындагы тышкы карызын 500 миллион долларга кыскартууга жетишти.