Кыргызстандын мамлекеттик карызы май айынын аягында 9 миллиард 951,9 миллион долларга жетти. Каржы министрлигинин акыркы жарыяланган эсебинде мындан кийинки ай боюнча маалымат азырынча көрсөтүлгөн эмес.
Жыл башынан берки беш айда карыздын жалпы көлөмү болжол менен 1 миллиард 33 миллион долларга көбөйгөн. Өсүш негизинен ички карыздын эсебинен болду.
Тышкы мамлекеттик карыз жыл башына салыштырмалуу 133 миллион долларга азайып, 5 миллиард 212,3 миллион долларды түздү. Анын жалпы карыздагы үлүшү — 52,4 пайыз. Ал эми ички карыз 1 миллиард 166 миллион долларга көбөйүп, 4 миллиард 739,6 миллион долларга жетти же жалпы сумманын 47,6 пайызын түздү.
Ошентип, тышкы карыз кыскарганы менен, ички милдеттенмелердин тез өсүшү өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызын 10 миллиард долларлык чекке жакындатты.