Бишкек шаарындагы «Мадина» базарында 1-августтан тарта реконструкция иштери башталат. Базарда иштеген сатуучуларга жакынкы аймактардан альтернативдүү соода орундары сунушталганы тууралуу мэрия маалымдады.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев базардагы соода түйүндөрүнүн ээлери жана ишкерлер менен жолугуп, алдыдагы жаңылоо иштерин талкуулады.
Калаа башчысы борбордогу базарларды жана соода жайларын иретке келтирүү шаарды көрктөндүрүү иштеринин маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.
«“Мадина” базары да бул иштерден четте калбайт. Борбор калаада көрктөндүрүүнү күчөтүшүбүз керек. Ошол эле учурда ишкерлердин жана базарда эмгектенген жарандардын укуктары менен кызыкчылыктары бузулбашы зарыл», — деди Айбек Жунушалиев.
Сатуучуларга кайсы жерлерден орун берилет?
Мэриянын маалыматына ылайык, реконструкция учурунда соодагерлер ишсиз жана соода ордусуз калбашы үчүн аларга базарга жакын аймактардан жаңы орундар сунушталууда.
Бирок азырынча альтернативдүү соода жайларынын так даректери, орундардын саны жана көчүрүү тартиби тууралуу толук маалымат берилген жок.
Атайын комиссия түзүлөт
Жолугушууда ишкерлердин өкүлдөрү реконструкцияга байланыштуу бардык маселелерди биргелешип талкуулоо жана чечүү үчүн атайын комиссия түзүүнү сунушташты.
Мэр бул сунушту колдоп, комиссия түзүү тапшырмасын берди. Аны Бишкек шаарынын вице-мэри Атай Муратбек жетектейт.
Комиссия соодагерлерди жайгаштыруу, жаңы соода орундарынын шарттары жана реконструкция учурунда ишкерлердин укуктарын коргоо маселелерин карай турганы күтүлүүдө.
«Мадина» базарын реконструкциялоо канча убакытка созулары жана жаңыланган базар кандай болору азырынча так айтылган жок.