Мектептерге азык жеткирүүдө күмөндүү схемалар барбы? Комиссия түзүлөт

/ Бийлик / 7

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева билим берүү мекемелерине азык-түлүк жеткирген компаниялар арасында картелдик келишимдер жана коррупциялык схемалар болушу мүмкүн экенин айтып, текшерүү жүргүзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Бишкек, Ош жана башка аймактардан мектептер менен бала бакчалардагы азык-түлүктүн сапатына байланыштуу көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Мындан тышкары, системанын кызматкерлери да кайрылып жатканы менен, «кызыкдар адамдардын» басымынан улам ачык сүйлөөдөн чочулап жатышат.

Сурабалдиева текшерүүгө райондук билим берүү башкармалыктарын жана укук коргоо органдарын тартууну сунуштады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттын сунушун колдоп, маселени текшерүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүүнү тапшырды.

Бөлүшүү https://infogo.kg/mektepterge-azyk-jetkiruudo-kumonduu-shemalar-barby-komissiya-tuzulot/