Mercedes АКШ рыногунан четтетилиши мүмкүн

/ Авто / 2

АКШда кытайлык капиталдын үлүшү жогору болгон автокомпанияларга жаңы чектөө киргизүү сунушталууда. Бул демилге Германиянын Mercedes-Benz концернине да түздөн-түз таасир этиши мүмкүн.

2026-жылдын 22-июлунда АКШ Сенатынын Соода комитети «Connected Vehicle Security Act of 2026» мыйзам долбоорун жактырды. Документке ылайык, кытайлык компаниялардын жана инвесторлордун жалпы үлүшү 15 пайыздан ашкан автоконцерндердин интернетке туташкан унааларын АКШда сатууга чектөө коюлушу мүмкүн.

Mercedes-Benz бул талапка туура келбей калуу коркунучунда турат. Компаниянын 9,98 пайыз добуш берүү укугу Кытайдын BAIC Group концернине таандык. Geely холдингинин негиздөөчүсү Ли Шуфу дагы Mercedes-Benz’тин 9,69 пайыздык үлүшүн көзөмөлдөйт. Жалпысынан кытайлык эки ири инвестордун үлүшү 19,67 пайызды түзөт.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Огайо штатынан сенатор Берни Морено мындай чаралар АКШнын автомобиль өнөр жайын жана улуттук коопсуздугун коргоого багытталганын билдирген. Демилгенин авторлору заманбап унаалар чогулткан маалыматтар Кытай өкмөтүнүн колуна өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонушат.

Бирок Mercedes унааларына азырынча тыюу салынган жок. Мыйзам долбоору Сенаттын комитетинен гана өттү. Ал толук күчүнө кириши үчүн Сенатта жана Өкүлдөр палатасында кабыл алынып, президент тарабынан бекитилиши керек.

Сенаттын Соода комитетинин төрагасы Тед Круз 15 пайыздык чек күтүлбөгөн жерден Mercedes-Benz компаниясын АКШ рыногунан чыгарып салышы мүмкүн экенин эскерткен. Ал эми Берни Моренонун айтымында, концернге акционердик түзүмүн талапка ылайыкташтыруу үчүн 2030-жылга чейин убакыт берилиши жана өзгөчө уруксат алуу мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн.

Демек, кеп Mercedes’ке дароо тыюу салуу жөнүндө эмес. Бирок мыйзам азыркы редакциясында кабыл алынса, немис концерни кытайлык акционерлердин үлүшүн азайтууга же АКШ бийлигинен атайын уруксат алууга аргасыз болушу мүмкүн.

Бөлүшүү https://infogo.kg/mercedes-aksh-rynogunan-chettetilishi-mumkun/