Месси, Мбаппе, Холанд жана 40 жаштагы Возинья: ФИФА ЧМ-2026нын мыкты курамын жарыялады

/ Спорт / 7

ФИФА 2026-жылы өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын символикалык курамын — Dream XI командасын жарыялады. Курам күйөрмандардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен түзүлгөн.

Дарбазачы позициясына турнирдин эң чоң ачылыштарынын бири болгон Кабо-Верде курамасынын 40 жаштагы голкипери Возинья тандалды. Анын символикалык курамга кириши футбол коомчулугундагы негизги талкуулардын бирине айланды.

Коргонуу тилкесине испаниялык Марк Кукурелья жана Педро Порро, Франциянын өкүлү Дайо Упамекано жана аргентиналык Лисандро Мартинес кирди.

Жарым коргоодо Испаниянын лидери Родри, Англиянын жылдызы Жуд Беллингем жана Франция курамасынын оюнчусу Майкл Олисе орун алды.

Ал эми чабуул коюучу үчилтик футбол дүйнөсүнүн эң белгилүү оюнчуларынан түзүлдү: Лионель Месси, Эрлинг Холанд жана Килиан Мбаппе.

ЧМ-2026нын символикалык курамы:

Дарбазачы:
Возинья — Кабо-Верде.

Коргоочулар:
Марк Кукурелья — Испания;
Дайо Упамекано — Франция;
Лисандро Мартинес — Аргентина;
Педро Порро — Испания.

Жарым коргоочулар:
Жуд Беллингем — Англия;
Родри — Испания;
Майкл Олисе — Франция.

Чабуулчулар:
Лионель Месси — Аргентина;
Эрлинг Холанд — Норвегия;
Килиан Мбаппе — Франция.

2026-жылкы дүйнө чемпионаты тарыхта биринчи жолу 48 улуттук кураманын катышуусунда өтүп, жалпы 104 беттеш ойнолду.

Турнирдин чемпиону Испания курамасы болду. Испания финалда Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңди. Негизги убакытта эсеп ачылган эмес, ал эми кошумча убакыттын 106-мүнөтүндө Ферран Торрес жеңиш голун киргизди. Ошентип, Испания тарыхында экинчи жолу дүйнө чемпиону аталды.

Бөлүшүү https://infogo.kg/messi-mbappe-holand-jana-40-jashtagy-vozinya-fifa-chm-2026nyn-mykty-kuramyn-jaryyalady/