Мигранттарга рейд: Бишкекте 1,4 млн сомдон ашык айып пул салынды

/ Коом / 27

Бишкекте «Нелегал» рейдинин жүрүшүндө миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

5–19-август аралыгында өткөрүлгөн рейд учурунда 156 чет өлкөлүк жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Алардын ичинен 97 адамга административдик протокол түзүлүп, жалпы 1 млн 148,5 миң сом айып пул салынган.

Мындан тышкары, 20-августта «Нелегал Мото-курьер» аттуу атайын рейд өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө дагы 48 чет өлкөлүк жаран жеткирилип, 33 административдик айып пул салынды. Айып пулдардын жалпы суммасы 322 миң сомду түздү.

Ошондой эле 10 мототранспорт жана 2 электр велосипеди милицияга киргизилди.

УКМК билдиргендей, миграциялык мыйзамдарды бузуу жана чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча рейддер уланууда.

Бөлүшүү https://infogo.kg/migranttarga-rejd-bishkekte-14-mln-somdon-ashyk-ajyp-pul-salyndy/