Талас шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган «Тынчтык ордо» турак жай комплекси расмий пайдаланууга берилди. Жаңы көп кабаттуу үйлөрдөгү 319 батирдин ачкычы алардын ээлерине салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, жаңы конуш ээлерин Президенттин атынан куттуктады.
Өкмөт башчысы турак жай менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, мындан ары мындай долбоорлор Бишкек жана ири шаарлар менен гана чектелбестен, өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырыла турганын айтты.
Маалыматка ылайык, «Тынчтык ордо» турак жай комплекси 11 блоктон турат. Анда жалпысынан 319 батир жайгашкан.
Жаңы турак жай комплекси жарандарды жеткиликтүү ипотекалык турак жай менен камсыздоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында курулган.