Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн товар жеткирүүчүлөрүн продукциянын шайкештигин тастыктаган документтер боюнча маалыматтарды Биримдиктин бирдиктүү реестрине жаңыртууга чакырды.
Анын айтымында, бул талап Орусиянын маркетплейстеринде товар сатууну улантуу үчүн зарыл.
1-октябрдан тартып Орусияда платформалык экономика жөнүндө мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык, маркетплейстер ЕАЭБдин техникалык регламенттерине кирген товарлардын сертификаты же шайкештик декларациясы бирдиктүү реестрде катталганын текшерүүгө милдеттүү болот.
Мындан тышкары, ЕАЭБ өкмөт башчылары Биримдиктин ички рыногундагы электрондук соода боюнча келишимге кол коюуну пландашууда. Документ онлайн-соодадагы сатуучулар менен сатып алуучулардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.