2026-жылдын январь–июнь айларында кыргызстандыктардын Орусияга иштөө максатында кирүүсү былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 16,7%га кыскарды. Бул тууралуу «Ведомости» Орусиянын Чек ара кызматынын статистикасына таянып жазды.
Алты ай ичинде Кыргызстандын жарандары Орусияга иштөө үчүн 289,1 миң жолу кирген. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстандан кийин үчүнчү орунда турат.
Өзбекстандын жарандары 1,1 миллиондон ашык жолу иштөө үчүн кирип, бул көрсөткүч 13,2%га азайган. Ал эми Тажикстандын жарандарынын жумуштук кирүүсү 17,9%га төмөндөп, 494,5 миңди түзгөн.
Жалпысынан үч өлкөнүн жарандары Орусияга иштөө үчүн 1,9 миллионго жакын жолу кирген. Былтыр ушул эле мезгилде бул көрсөткүч 2,3 миллиондон ашкан.
Адистер муну Орусиянын миграциялык саясатынын катаалдашы, медициналык текшерүүлөрдүн көбөйүшү, турак жай менен жол киренин кымбатташы жана Борбор Азиянын жарандарынын башка өлкөлөрдөн же өз мекенинен жумуш табууга көбүрөөк ыкташы менен түшүндүрүшүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондуктан, анын жарандарына Орусияда иштөө үчүн патент талап кылынбайт.