Ош мамлекеттик университетинин клиникасында бир күндүк ымыркайдын жүрөгүнө татаал операция ийгиликтүү жасалды. Наристе жүрөктүн оор тубаса кемтиги менен төрөлгөн.
Дарыгерлер консилиум өткөрүп, Рашкинд процедурасын жасоо чечимин кабыл алышкан. Бул ыкмада баланын денеси кесилбейт. Атайын катетер сан же киндик венасы аркылуу жүрөккө киргизилет.
Катетердин учундагы кичинекей баллон жүрөктүн оң жана сол дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тешикти кеңейтет. Мунун натыйжасында кан айлануу жакшырып, организмге кычкылтек жетиштүү бара баштайт.
Операция ийгиликтүү аяктап, учурда ымыркайдын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.