Ош шаарында 27-августта 20 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан кулап, каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Окуя Партсъезд көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.
Маалыматка караганда, каза болгон кыз Кара-Суу районунун тургуну болгон. Ал Ошко туугандарына конокко келген.
Кыз окуяга чейин айрым адамдарга болгон таарынычтары тууралуу айткан.
Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген, бирок алган жаракаттарынан улам көз жумган.