Ошто мамлекеттик тил талаптары боюнча рейд башталды

/ Коом / 3

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев муниципалдык кызматкерлер менен бирге чет өлкөлүк ишкерлердин объектилерин текшерди. Рейд учурунда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышына көңүл бурулду.

Мэриянын маалыматы боюнча, текшерүүдө мыйзам талаптарына жооп бербеген жарнамалык көрнөктөр жана маалыматтык жазуулар аныкталды.

Ишкерлерге бир саат убакыт берилди

Талапка туура келбеген көрнөктөрдү оңдоо үчүн ишкерлерге бир саат убакыт берилген.

«Шаар бийлиги мыйзамдын алкагында иштеген ар бир ишкерди колдойт. Бирок силер да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарын так сактоого тийишсиңер», — деди Жанарбек Акаев.

Мэрия мындай рейддер мындан ары да улантыларын билдирди. Текшерүүлөрдүн негизги максаты — мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын сакталышын камсыз кылуу, мыйзам бузууларды алдын алуу жана шаардагы тартипти сактоо.

Бөлүшүү https://infogo.kg/oshto-mamlekettik-til-talaptary-bouncha-rejd-bashtaldy/