Ошто окуучулар үчүн 20га жакын мектеп автобусу сатылып алынат

/ Коом / 3

Ош шаарында алыскы аймактарда жашаган окуучуларды мектепке ташуу үчүн 20га жакын автобус сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу шаар мэри Жанарбек Акаев Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземинде билдирди.

Шаар башчысынын айтымында, четки аймактарда жашаган үй-бүлөлөр үчүн балдардын мектепке жетүүсү негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.

«Мектеп автобустары окуучуларды ташып, ар бир бала коопсуз шаарда жашашын жана ата-энелер баласынын мектепке бара жаткан жолуна тынчсызданбашын каалайбыз», — деди Жанарбек Акаев.

Мэр учурда Ош шаарында мамлекеттик жана жеке менчик болуп жалпы 25 мектептин курулушу бир убакта жүрүп жатканын да маалымдады.

Ошол эле учурда ал жаңы мектеп имараттарын куруу билим берүүнүн сапатын автоматтык түрдө жогорулатпай турганын белгиледи. Ошондуктан шаар бийлиги мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана педагогдор менен иштөөнү улантууга өзгөчө көңүл бурмакчы.

Мектеп автобустары ишке кирсе, алыскы конуштарда жашаган окуучулардын мектепке коопсуз жана үзгүлтүксүз барып-келүүсүнө шарт түзүлөт.

 

Бөлүшүү https://infogo.kg/oshto-okuuchular-uchun-20ga-jakyn-mektep-avtobusu-satylyp-alynat/