Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровго террордук ишмердүүлүккө көмөктөшүү боюнча сыртынан айып такты. Аны эл аралык издөөгө жарыялоо процедурасы башталган. Күнөөсү сотто далилденсе, Дуров өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
ФСБнын версиясы боюнча, Украинанын атайын кызматтары Telegram’дагы таанышуу ботторун пайдаланып, жаштарды диверсияларга жана кол салууларга тарткан. Дуров айыптоолорду четке кагып, Москва муну мессенжерди көзөмөлгө алуу үчүн колдонуп жатканын билдирүүдө.
Telegram Кыргызстанда өчүп калабы?
Азырынча андай коркунуч төмөн. Орусиядагы кылмыш иши Telegram’дын Кыргызстандагы ишин автоматтык түрдө токтотпойт. Мессенжер дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы маалымат борборлорун пайдаланган глобалдык система болгондуктан, бир мамлекет анын башка өлкөлөрдөгү ишин өз алдынча өчүрө албайт.
Биздин баам боюнча, жакынкы мезгилде Telegram’дын Кыргызстанда туруктуу иштөө ыктымалдыгы 85–90 пайыз. Негизги тобокелдик Дуровдун ишинен эмес, Кыргызстан бийлиги өзүнчө чектөө киргизгенде же мессенжерде глобалдык техникалык көйгөй жаралганда пайда болот.
Бирок Орусияда жашаган кыргызстандыктар жана ал өлкөдөгү кардарлар менен Telegram аркылуу иштеген бизнес үчүн үзгүлтүктөр көбөйүшү мүмкүн. Анткени Москва мессенжердин ишин буга чейин эле жайлатып, айрым функцияларын чектеген.
Жыйынтык: Дуровдун камалышы Telegram үчүн олуттуу саясий жана юридикалык сокку болушу мүмкүн. Бирок бул окуянын Кыргызстандагы колдонуучуларга түздөн-түз таасир этүү ыктымалдыгы азырынча аз.