Салют сүйүүчүлөргө эскертүү: Кыргызстанда жаңы талаптар күчүнө кирет

/ Коом / 89

Кыргызстанда жарандык пиротехниканын жүгүртүлүшүнө жаңы талаптар киргизилди. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети 10-августта кабыл алды.

Эми пиротехниканы атайын адистештирилген дүкөндөрдө гана сатууга уруксат берилет.

Ошондой эле ызы-чууга чектөө коюлду. Жумуш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин уруксат берилген деңгээлден ашык ызы-чуу чыгарууга болбойт.

Жаңы эрежелер пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу боюнча Бажы биримдигинин техникалык регламентине талаптарды шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.

Мурдагы, 2007-жылы кабыл алынган пиротехниканы жөнгө салган токтом күчүн жоготот.

Жаңы токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү https://infogo.kg/salut-sujuuchulorgo-eskertuu-kyrgyzstanda-jany-talaptar-kuchuno-kiret/