SMS кодуңузду айтпаңыз: Алдамчылар «Түндүк» аркылуу жаңы схема колдонууда

/ Коом / 2

Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарды телефон алдамчыларынын жаңы ыкмасы тууралуу эскертти.

Маалыматка ылайык, алгач алдамчылар WhatsApp аркылуу чалып, өздөрүн мобилдик оператордун кызматкери катары тааныштырышат. Алар байланыш кызматын узартуу шылтоосу менен SMS аркылуу келген төрт орундуу кодду айтууну суранышат.

Андан кийин жабырлануучуга өздөрүн «Түндүк» порталынын кызматкери катары тааныштырган адамдар байланышып, аккаунту бузулганын жана жеке маалыматтары алдамчылардын колуна түшкөнүн айтышат. Шылтоо менен жеке маалыматтарды, кирешеси, банктык эсептери, депозиттери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды сурашат.

Кийинки этапта сүйлөшүүгө өздөрүн Улуттук банктын же укук коргоо органдарынын кызматкери катары көрсөткөн алдамчылар кошулат. Алар «атайын операция» жүрүп жатканын айтып, жабырлануучуну жакындары менен байланышпоого көндүрүп, анын атына насыя алынып жатканын билдиришет.

Андан соң акчаны «коопсуз эсепке» которууну, насыя алууну же мүлкүн сатууну талап кылышат. Ошондой эле кылмыш жоопкерчилиги, акчаны жоготуу же жакындарына зыян келтирүү менен коркутушу мүмкүн.

Улуттук банк банктардын жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери телефон аркылуу жашыруун коддорду, жеке маалыматтарды сурабай турганын жана эч качан акчаны «коопсуз эсепке» которууну талап кылбай турганын эскертет.

Эгер шектүү чалуу түшсө, сүйлөшүүнү дароо токтотуп, банкка расмий номер аркылуу өзүңүз байланышып, окуя тууралуу жакындарыңызга кабарлоо сунушталат. Эгер акча которулуп кеткен болсо, банктык картаны дароо бөгөттөп, милицияга кайрылуу зарыл.

Бөлүшүү https://infogo.kg/sms-kodunuzdu-ajtpanyz-aldamchylar-tunduk-arkyluu-jany-shema-koldonuuda/