Социалдык контракт менен 150 миң сом алууга болот: Негизги талаптар

/ Коом / 11

Кыргызстанда аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө өз алдынча киреше табууга шарт түзгөн «Социалдык контракт» программасы уланууда.

Программага катышкан үй-бүлөлөр бизнес баштоо үчүн 150 миң сомду кайтарымсыз ала алышат.

Акча алуу үчүн үй-бүлө:

  • аз камсыз болгон же жакыр үй-бүлө статусун ырастаган документке ээ болушу;
  • программага катышууга макул болушу;
  • бизнес-планын сунушташы;
  • эмгек жана мүлктүк потенциалы болушу керек.

Катышууну каалагандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрыла алат.

Талапкерлерди социалдык маселелер боюнча комиссия тандап, алардын бизнес-пландарын атайын комиссия бекитет. Өтүнмө жактырылгандан кийин 150 миң сом берилет.

Дагы бир мүмкүнчүлүк бар. Жыл сайын социалдык контракттын 1000 катышуучусу бизнесин кеңейтүү үчүн 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя ала алат. Насыя 3 жылга берилет.

Бул каражатты иштеп жаткан бизнести же социалдык контракттын эсебинен түзүлгөн көмөкчү чарбаны кеңейтүүгө жумшоого болот. Насыяны «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу алууга мүмкүн.

Бөлүшүү https://infogo.kg/socialdyk-kontrakt-menen-150-min-som-aluuga-bolot-negizgi-talaptar/