Таиланддагы трагедия: 14 жаштагы окуучу мектепте ок чыгарып, сегиз адам каза болду

/ Дүйнөдө / 5

Таиланддын борбор калаасы Бангкоктун четиндеги Нонтхабури провинциясындагы мектепте 14 жаштагы окуучу ок чыгарып, сегиз адам каза болду. Алардын арасында кол салган өспүрүмдүн өзү да бар. Дагы 20дан ашуун адам жаракат алды.

Маалыматка ылайык, окуя 7-август күнү эртең менен Банг-Круай районундагы мектептердин биринде болгон.

Полициянын алдын ала маалыматы боюнча, өспүрүм мектепке барар алдында үйүндө чоң ата, чоң энесин атып өлтүргөн. Андан соң чоң атасына таандык тапанчаны алып, мектепке келип ок чыгарган.

Ал мектептин ичинде кеминде 26 жолу ок чыгарган. Натыйжада беш мугалим жана мектеп кызматкери каза болгон. Кол салуудан кийин өспүрүм өзүнө ок чыгарып, көз жумган.

Ошентип, чоң ата, чоң энесин кошкондо каза болгондордун саны сегизге жетти. Жаракат алгандардын арасында абалы оор бейтаптар да бар.

Окуянын себеби азырынча тактала элек. Полиция өспүрүмдүн куралга кантип жеткени жана кол салууга эмне түрткү болгону боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, бийлик анын окууга байланыштуу стресске кабылганын жана мурда психикалык саламаттыгына байланыштуу көйгөйлөрү болгонун билдирген.

Бөлүшүү https://infogo.kg/tailanddagy-tragediya-14-jashtagy-okuuchu-mektepte-ok-chygaryp-segiz-adam-kaza-boldu/