Талас шаарында жаңы борбордук парк пайдаланууга берилип, анын расмий ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында катышты.
Жаңы сейил бакты курууга мамлекеттик бюджеттен 165 миллион сом бөлүнгөн. Парктын аймагында заманбап аттракциондор орнотулуп, жашыл аймактар көрктөндүрүлүп, жарыктандырылган жөө адамдар өтүүчү аллеялар жасалган.
Адылбек Касымалиевдин айтымында, акыркы жылдары мамлекет Талас шаарын өнүктүрүүгө 6,5 миллиард сом инвестиция салган. Учурда шаарда социалдык жана инфраструктуралык маанидеги бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатат.
Жумушчу сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Талас аймактык көп тармактуу институтунун жаңы имаратынын, 5 311 орундуу стадиондун, Президенттик «Акылман» лицейинин жана Нуржанов атындагы аллеяны реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен да таанышты.
Маалыматка ылайык, аталган объектилердин курулушун ушул жылдын август айында бүтүрүү пландалууда. Алардын расмий ачылышы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлөрү күтүлүүдө.