Таласта жолдордун курулушу текшерилди

/ Коом / 35

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Момбеков Талас облусундагы бир катар жолдордун курулушун жеринен текшерди.

Анын ичинде Суусамыр – Талас – Тараз, Талас – Беш-Таш, Кировка – Гребень – Плотина жолдорундагы иштердин жүрүшү каралды.

Ошондой эле «Чыңгыз Ааламы» жана «Манас-Ордо» тарыхый-маданий комплекстерине алып баруучу жолдордун курулушуна көңүл бурулду.

Момбеков жооптуу кызматкерлерге жол иштеринин сапатын күчөтүп, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо тапшырмасын берди.

«Жол куруудагы негизги талап – сапат. Ар бир объект боюнча көзөмөл күчөтүлүшү керек», – деди ал.

Министрлик жолдордун курулушун көзөмөлдөөнү улантарын билдирди.

Бөлүшүү https://infogo.kg/talasta-joldordun-kurulushu-teksherildi/