⚡ШАШЫЛЫШ Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт

Тарыхый эстеликтерди бузууга 10 жылдык мораторий сунушталды

/ Маданият / 2

Кыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, мамлекеттик тизмеден чыгарууга жана алардын коргоо аймактарында жаңы курулуштарды жүргүзүүгө 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, тарыхый имараттарды жана башка мурас объектилерин баалуулугун жоготту деп таанууга, аларды тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга, бузууга же демонтаждоого он жылга тыюу салынат.

Мораторий тарыхый-маданий объектилердин коргоо аймактарына да тиешелүү болот. Бул жерлерде жаңы имараттарды жана курулуштарды салууга жол берилбейт.

Бардык тарыхый объектилер кайрадан катталат

Мыйзам кабыл алынса, Министрлер кабинетине ал күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде бир катар иштерди аткаруу милдети жүктөлөт.

Алардын катарында:

— өлкөдөгү тарыхый-маданий мурас объектилерин толук каттоо жана эсепке алуу;
— мамлекеттик тизмеге киргизилген эстеликтердин коргоо аймактарынын так чек араларын аныктоо;
— тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды жаңы мыйзамга ылайык келтирүү бар.

Коммерциялык курулуштар тарыхый жайларга коркунуч жаратууда

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде акыркы жылдары курулуш компанияларынын жана айрым чарба жүргүзүүчү субъектилердин басымы күчөгөнү белгиленет.

Анын кесепетинен айрым тарыхый-маданий объектилердин коргоо аймактары кыскарып, эстеликтер мамлекеттик тизмеден чыгарылып, алардын ордуна коммерциялык багыттагы имараттар курулуп жатканы айтылат.

Долбоордун авторлору 10 жылдык мораторий тарыхый имараттарды сактап калууга, алардын айланасындагы курулуштарды тартипке салууга жана өлкөнүн маданий мурасын кийинки муундарга жеткирүүгө жардам берет деп эсептешет.

Бөлүшүү https://infogo.kg/taryhyj-estelikterdi-buzuuga-10-jyldyk-moratorij-sunushtaldy/