Текебаев: «Улут ДНК менен эмес, жан менен аныкталат»

/ Коом / 40

Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев кыргыздардын келип чыгышы, Y-ДНК линиялары жана «арийлер» тууралуу социалдык тармактагы талкууга пикирин билдирди.

Ал акын Нурлан Калыкбековдун «Биз истинный ариецтербиз» деген тамашалуу билдирүүсүнө жооп берип, Гитлер бүгүн тирилип келсе, ДНК анализинин жыйынтыгын көрүп «боздоп ыйламак» деп жазды.

Текебаевдин айтымында, улут ДНК менен эмес, биринчи кезекте тил, маданият, жалпы тарых, тарыхый аң-сезим жана адамдын өздүк иденттүүлүгү менен аныкталат.

Ошол эле учурда ал Y-ДНКны изилдөө элдердин байыркы миграциясын, аралашуусун жана этногенезин түшүнүүгө жардам берерин белгиледи.

«Мен “кыргыздар арий” деп айткан жокмун. Менин айтканым башка: мындан 3000–4000 жыл мурда батыштан келген арий уруулары менен жергиликтүү алтайлык элдер аралашып, Алтай–Ала-Тоо мейкиндигинде жаңы эл, жаңы маданият пайда болгон», — деп жазды Текебаев.

Ал бул процессти кыргыздардын байыркы ата-бабаларынын, шарттуу түрдө «протокыргыздардын», калыптануусу катары түшүндүрдү.

Текебаев азыркы кыргыздарда R1a, C2, N, R1b жана Q сыяктуу негизги Y-ДНК линиялары бар экенин айтып, алардын ар түрдүүлүгү кыргыздарды бөлүүгө негиз болбой турганын белгиледи.

«Бул улутчулдук эмес», — деп жыйынтыктады ал.

Бөлүшүү https://infogo.kg/tekebaev-ulut-dnk-menen-emes-jan-menen-anyktalat/