Түркиянын популярдуу туристтик аймактары жайгашкан Мугла жана Анталья провинцияларында токой өрттөрү күч алды. Мугланын Сейдикемер районунда айыл чарба жеринен чыккан жалын катуу шамалдын таасиринен токойго жана калктуу конуштарга жайылган.
Өрттөн улам 408 үй коопсуздук үчүн бошотулуп, 703 адам жана жүзгө жакын мал коопсуз жерге чыгарылды. Сейдикемер мамлекеттик ооруканасындагы 45 бейтап башка медициналык мекемелерге көчүрүлдү. Алты конушта 55 курулуш жабыркаганы маалымдалды.
Түтүн жана өрт коркунучунан Фетхие — Анталья жолу убактылуу жабылган. Бирок 30-июль, Бишкек убактысы боюнча саат 23:00гө карата жол көзөмөлдөнгөн режимде кайра ачылды. Акыркы расмий маалыматта Сейдикемердеги өрт негизинен көзөмөлгө алынганы, Фетхиедеги жалындын күчү азайганы айтылды. Антальянын Каш районундагы өрт толук көзөмөлгө алынган.
Өрт өчүрүүгө Сейдикемерде эле 25 аба техникасы, 410 жер үстүндөгү унаа жана 1141 кызматкер тартылды. Аймактагы туристтерге жолго чыгар алдында жергиликтүү бийликтин эскертүүлөрүн жана каттамдардын абалын текшерүү сунушталат.