Орусиянын Ростов-на-Дону шаарына жасалган украиналык дрондук чабуулдан эки адам каза болуп, беш киши жаракат алды. Бул тууралуу The Moscow Times.билдирди.
Анын айтымында, чабуулдун кесепетинен шаардын Железнодорожный, Пролетарский жана Ленин райондорунда өрт чыгып, кампалар, жеке ишкана, турак үйлөр жана бир нече унаа жабыркаган. Ошондой эле көп кабаттуу үйдүн жана социалдык мекеменин айнектери талкаланган.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, чабуулдун негизги бутасы Ростов деңиз соода порту болушу мүмкүн. Эртең менен порттун аймагынан түтүн чыгып жатканын күбөлөр билдиришкен.
Ошол эле түнү украиналык дрондор Белгород шаарына да чабуул жасады. Белгород облусунун ыкчам штабынын маалыматына ылайык, 12 адам, анын ичинде эки бала жаракат алды.
Чабуулдан көп кабаттуу үйлөр, 15тен ашуун унаа жана жеке турак үй жабыркап, шаардын борбордук бөлүгүндө электр энергиясы жана суу берүү убактылуу үзгүлтүккө учураганы кабарланды.
Орусиянын жергиликтүү бийлиги дрондук чабуул коркунучу сакталып жатканын билдирип, тургундарды коопсуздук чараларын сактоого чакырды.