Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди өзгөртпөй, 12% деңгээлинде калтырды. Тиешелүү чечим 27-июлда кабыл алынып, 28-июлдан тарта күчүнө кирди.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдиргендей, чечим инфляцияга таасир эткен ички жана тышкы факторлорду талдоонун негизинде кабыл алынды.
Анын айтымында, дүйнөдө инфляциянын деңгээли дагы эле жогору бойдон калууда. Ошондуктан көпчүлүк өлкөлөрдүн борбордук банктары катаал акча-кредит саясатын улантууда.
Улуттук банк Кыргызстандагы жана негизги соода өнөктөш өлкөлөрдөгү баалардын өсүшүнө таасир эткен факторлор сакталып жатканын белгиледи.
Ошондой эле 2026-жылдын башынан бери геосаясий тобокелдиктер күчөп, тышкы факторлор көбөйгөнү айтылды. Ушуга байланыштуу жөнгө салуучу орган акча-кредит шарттарын катаалдаштырган.
Улуттук банк кабыл алынган чаралар инфляцияны орто мөөнөттө 5–7% максаттуу деңгээлге түшүрүүгө, сомдун сатып алуу жөндөмүн сактоого жана калктын топтогон каражаттарын көбөйтүүгө багытталганын билдирди.